Коом

Кыргызстандан Россияга балык экспортун жандандыруу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

Россельхознадзор ата мекендик продукцияга эмне үчүн доомат койгон:

▪️Кыргызстандык икра чыгарган компаниялардын бири таңгактоо технологиясын бузган, мындан улам азыктын ичине аба кирип, температура өзгөргөндө бактерия пайда болгон 

▪️Башка ишкананын балыгынан антибиотиктер табылган. Иликтөөдө ишкана балыкты башка жактан сатып алганы, өзү өстүрбөгөнү аныкталган 

▪️Кыргызстан осетр балыгын да өндүрөт, бирок ал расмий реестрге киргизилген эмес. Андыктан Россия анын келип чыгышынан күмөн санаган 

Жыйынтыгында мунун баары россиялык инспекцияга көрсөтүлүп, Россельхознадзордун жетекчиси менен сүйлөшүүлөр өттү. Ата мекендик балык чарбалары экспорттоодогу мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча иштеп жатат. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button