Коом

Чөнтөкчүлөрдөн кантип сак болуу керек? Милициянын кеңеши

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы коомдук жайларда (базар, транспорт, соода борборлору) чөнтөкчүлөрдүн курмандыгы болуп калбоо үчүн жарандарга кеңеш берди.

Тартип сакчылардын кеңеши:

сумканын сыдырмасын текшериңиз. Эл көп жерде өзүңүзгө жакын кармаңыз;

капчыгыңыздагы акчаны элдин алдында эсептебеңиз;

капчык же баалуу буюмдар кийим астынан көрүнүп, уурулардын көңүлүн бурбагандай болушу зарыл;

артыңыздан же капталыңыздан жакын келип турган адамдарга көңүл буруңуз;

акча салынган капчыкты эч убакта гипермаркеттердеги арабаларга салбаңыз.

Эгерде буюмуңузду уурдатсаңыз, дароо милицияга кайрылыңыз. Уурунун кийимин, болжолдуу жаш курагын, боюнун узундугун жана кайсы багытка кеткенин эстеп калууга аракет кылыңыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button