Орусиядагы чума оорусуна байланыштуу Кыргызстанда чек араларда көзөмөл күчөтүлдү

Кыргызстанда мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Бул чара Орусияда чума оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматтан кийин киргизилди.
Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп, чек арадан өтүп жаткан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү текшерүүдө. Мунун негизги максаты — жугуштуу, анын ичинде өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын өлкөгө киришине жана жайылышына жол бербөө.
Саламаттык сактоо министрлиги эпидемиологиялык кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө экенин билдирди.
Көзөмөлдүн күчөтүлүшүнө Иркутск облусунун Шелехов шаарында 27 жаштагы чумага каршы институттун кызматкеринин каза болушу себеп болгон.
Аны менен байланышта болгон 200гө жакын адам медициналык көзөмөлгө алынган. 2-октябрга карата алардан оорунун белгилери аныкталган эмес, лабораториялык анализдердин жыйынтыктары да терс чыккан.



