Дүйнө

Үйлөр кулап, адамдар каза болду. Түркия менен Сирияда катуу жер титиреди

Түркия жана Сирияда очогунда күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу ЖМКлар билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түркия жана Сириянын бир катар шаарларында имараттар кыйраган.

“Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына караганда, саат 04:17де Кахраманмараш провинциясынын Пазарджик аймагында (Түркиянын түштүк-чыгышында 400 миңдей) күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 7 км тереңдикте болгон. Жер титирөө бир катар аймактарда – Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилди. Түрк бийлигинин маалыматы боюнча, бир нече жолу кайталанган”, — деп айтылат маалыматта.

ЖМКдан кошумчалашкандай, 34 имарат ураган Осман провинциясында кеминде 5 адам каза болгон:

— Шанлыурфа провинциясында 16 үйдөн ашуун;

— Диярбакыр провинциясында сегиз кабаттуу имарат;

— Адана шаарында 17 кабаттуу үй ураган.

Сирияда дагы курмандыктары менен көп кабаттуу үйлөр ураганы кабарланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button