Коом

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери 14 неврологдун жумуштан кетүү боюнча жазган арызы боюнча билдирүү жасады

Бакыт Төлөгөнов чындап эле арыздар жазылганын, бирок кагаздар ага жетпегенин айтты.  

«Мен дарыгерлер менен жолугуп, эки саат сүйлөштүм. Топтолгон суроолорун берип, бейтаптар менен болгон окуяларды айтышты. Ошондон улам арыздар жазылган. Алардын кетүүсүнө жол берген жокпуз жана бербейбиз деген ойдомун”, — деди башкы дарыгер.   

Улуттук госпиталь келе жаткан дүйшөмбүдөн тарта жумушка күзөтчү (ИИМдин күзөт кызматы) алынарын билдирди.   

Мындан тышкары, медициналык жогорку окуу жайлары менен нөөмөттө турган эки адамга жардам берүү үчүн бирден дарыгер бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул бейтаптарды кабыл алууда чоң жардам болмокчу. Төлөгөнов каттоо процессин ылдамдатуу үчүн кошумча компьютерлер болорун кошумчалады.   

Ал ошондой эле дарыгерлер чакыртылып, сөгүш алды деген маалыматты четке какты. Башкы дарыгердин айтымында, окуядан кийин Улуттук госпиталга атайын комиссия келип, арыз боюнча иликтөө жүргүзгөн. Дарыгерлерден түшүнүк кат алынып, суроолор берилген.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button