Коом

Чет өлкөгө жумушка орноштурууга убада берген. Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Каракол шаарында милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип, жергиликтүү тургун кармалды. Ал акчалай сыйлык үчүн жабырлануучуларды чет өлкөдө жумушка орноштурууга убада берген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматынан билдиришти.

13-февралда Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Түп, Ак-Суу райондорунан жана облустук борбордон беш жаран арыз менен кайрылган. Алар 2022-жылдын ноябрь айынан 2023-жылдын январь айына чейинки аралыкта чала тааныш «Нурбек» аттуу жигит ишенимдерине кирип, аларды Түркияда жана Германияда жумушка орноштуруу шылтоосу менен акча алып, андан кийин жашырынып кеткенин билдиришкен. Арыз ээлерине жалпысынан 140 000 сом материалдык зыян келтирилген. 

Бардык келип түшкөн арыздар Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иштери козголгон. Шаардык милициянын тергөө кызматы тарабынан бир катар алдамчылыкка шектелген жаранды аныктоо жана кармоо максатында тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилген.

Жакында Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан облустук борбордун тургуну, 22 жаштагы А. Н. аттуу шектүү жаран аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Кармалган жаран алдын ала суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш иштеринин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жок экендигин текшерүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button