Окуялар

1,5 млн сомго жакын айып салынды.Түштүк Кореядан Кыргызстанга мыйзамсыз келген автоунаалар аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматы Түштүк Кореядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген төрт автоунаа аныкталганын кабарлады.

Ага ылайык, текшерүүдө Кореядан Кыргызстандагы алуучулардын дарегине келген контейнердеги автокөлүктөр транзиттик декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегени аныкталган.

Документтерде контейнерде KIA K3, KIA Sportage, Hyundai Kona жана Hyundai Sonata болушу керектиги көрсөтүлгөн. Бирок иш жүзүндө Toyota Camry, Hyundai Sonata, BMW 530 жана Hyundai Palisade унаалары табылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө документтерде көрсөтүлгөн машиналардын айрымдары буга чейин эле 2025-жылдын декабрь айында Кыргызстанда бажылык тариздөөдөн өткөнү аныкталды.

Материалдар андан аркы процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн МБКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлгөн. Мамлекетке келтирилген зыяндын орду эки эселенген өлчөмдө — 1 миллион 430 миң 465 сом өндүрүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button