Топчубай Досбаев: Садыр Жапаровдун мурунку президенттердин башын бириктиргени тарыхый чечим

КР эмгек сиңирген артист, ОшМУнун окутуучусу Топчубай Досбаев кечээ Садыр Жапаровдун мурунку президенттердин башын бириктирип, Кыргызстандын келечеги жана ынтымагы үчүн жасаган аракетин тарыхый чечим деп баалады:
-Бул жерде эң биринчи президент элге ишенген үчүн, элдин мүдөөсүн канааттандырыш үчүн, элдин келечегин, тычтыгын, нарк-насилин ойлогон үчүн өзүнө ишенип, ушул президенттердердин башын бириктирди. Бул өтө чоң иш чара жана чоң тарыхый чечим. Мындай чечимди кыргыз эли абдан туура түшүнсө жакшы болот. Эл да ишениш керек. Эл ишенгенде гана бул тарыхый окуя, тарыхый бурулуш мүдөөсүнө жетет. Ошондуктан кагылайын журт, бул демилгени колдоп, ишенели. Элдин тынчтыгына, элдин өсүп-өнүгүсүнө, жаркын келечегине ишенели! Ар кимибиз өзүбүздүн ички дүйнөбүз менен акылдашып көрсөк жаңылбаган болобуз. Мындай тарыхый чечимге ар кимибиз өзүбүздүн үлүшүбүздү, салымыбызды кошушубуз абзел. Ошондуктан бул тарыхый чечимди мен абдан чын жүрөктөн колдоймун. Элибиздин ынтымагы, биримдиги, келечеги үчүн жасалып жаткан, аракеттенген президентибиз Садыр Нургожоевичтин демилгеси элдин ишеним арттырат деген ойдомун.



