Окуялар

УКМК: Жалал-Абад облусунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик идеологиясынан баш тартышты — ВИДЕО

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнөн баш тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын жарандары Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары аталган: 1972-жылы туулган Ю.А.К., 1974-жылы туулган Ч.Х.Т., 1975-жылы туулган М.Р.И., 1976-жылы туулган К.М.М., жана 1994-жылы туулган П.С.А. экстремисттик идеологиядан баш тартышкан. Бул адамдар мурда “Хизбут-Тахрир” РСОнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.

Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырып, Кыргызстандын аймагында аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдиришти.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле катарына  жаңы шериктерди тартуунун алдын алуу боюнча иш-чаралары улантылууда, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button