Кыргызстанда 2023-жылы 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда

Кыргызстанда бизнес долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана потенциалдуу инвесторлордун кредиттик тобокелдигин азайтуу максатында Долбоордук кеңсе түзүлдү.
Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.
«Бүгүнкү күндө Координациялык кеңеш 3 долбоорду, дагы 4 облуста канаттууларды өстүрүү, сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын өндүрүү тармагында 10 долбоорду, Бишкек шаарында медициналык борборун, спорт комплекстерин куруу өнүктүрүү институттарына өткөрүп берди, химиялык өнөр жай өндүрүшү иштелип жатат жана марттын аягына чейин даярдалат», — деп тактап кетти министрдин орун басары.

Долбоордук кеңсе өз ишинде 100 миң доллардан 5 миллион долларга чейинки орто жана ири инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө басым жасайт, бул аймактын жана өлкөнүн ИДПсына таасирин тийгизет.
Айнура Үсөнбекованын айтымында, быйыл Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү боюнча иштерди жандантып, жаңы ачылган, модернизацияланган жана реконструкцияланган ишканалардын санын 100гө жеткирүү пландалууда.



