Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин (World Governments Summit) ачылыш аземине катышты.
Саммиттин алкагында алгач ирет «Кыргызстандын экономикалык өсүү модели “Ак илбирс”: Өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу сайд-ивент өттү. Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Тактап айтканда, ал БАЭнин вице-президенти шейх Мансур бин Заед Аль-Нахайян, ички иштер министри Сейф бин Заед Аль-Нахайян, Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммед Сейф Аль-Сувейди, Emirates Investment Authority суверендүү инвестициялык фондунун аткаруучу директору Мохаммед Хамад Аль-Мехайр, энергетика министри Сухейл Аль-Мазруи жана Masdar компаниясынын аткаруучу директору Мохаммед Жамиль Аль-Рамахи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Саммиттин алкагында Адылбек Касымалиев президенттин атынан Дүйнөлүк өкмөттөр саммити уюмунун төрагасы Мохаммед Абдулла Аль-Гергавиге Кыргыз Республикасы менен БАЭнин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон зор салымы жана Кыргыз Республикасында «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн «Достук» орденин тапшырды.
Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле бөтөлкөгө куюлган суу өндүрүүчү Epos Water Production LLC заводун зыярат кылды. Компания Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан негизделген.
Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев БАЭнин мамлекеттик маалымат агенттиги Emirates News (WAM) агенттигине маек берди.



