Коом

Кыргызстанда инфляциянын өсүшү. Бирок жакшы божомолдор дагы бар

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстанда инфляция тездик менен өсүп, 15,3 пайызга жеткенин Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) билдирди.

Өткөн жылдын декабрь айында инфляциянын деңгээли 14,7 пайызды түзгөн.

Банктын маалыматы боюнча, азык-түлүктүн баасынын өсүшү (16,8 пайыз) инфляциянын негизги бөлүгүн түздү. Ал эми кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин динамикасы 9 пайызда кармалып турат. Башка тармактагы баалар январь айында мурдагы 12,7 пайыздан 14,1 пайызга чейин өстү.

Импорттолгон товарлардын (кийим-кече жана бут кийим, турмуш-тиричилик буюмдары) наркы дагы өсүүсүн улантууда.

«Азырынча биз сомдун арзандашы убактылуу жана анын ички баага тийгизген таасири жакынкы айларда алсырай баштайт деп эсептейбиз», — деп айтылат ЕАӨБ билдирүүсүндө.

Муну менен катар банк адистери 2022-жылдын март-апрель айларындагы инфляциянын өсүшүн эске алганда, жаздын ортосунда баалардын өсүү темпинин басаңдай турганын айтышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button