УКМК: Адам уурдап, 3000 доллар талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды — ФОТО

КР УКМК тарабынан адам уурдоо фактысы боюнча К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. аттуу кылмыштуу топтор кармалды.
Такталгандай, 2023-жылдын 19-февралында Бишкек шаарынын аймагында К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. алдамчылык жол менен жергиликтүү тургундун жолугушуусун уюштуруп, А.Т. аттуу жаранды белгисиз тарапка алып барышып, күч колдонуп, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкен. Андан кийин, аталган А.Т. аттуу жаранды эс-учун жоготкон абалда Бишкек шаарындагы батирлердин бирине 3 күн кармашып, күч колдонуу менен коркутуп, 3000 АКШ доллар талап кылышкан.
Учурда КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери уланууда,- деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.







