Коом
Мектеп директорлору менен завучтардын айлыгы көтөрүлөт
Кыргызстанда 1-апрелден тарта мектеп директорлору менен завучтардын маянасы 50%га көтөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев парламентте билдирди.
Анын айтымында буга 481 млн. сом бөлүнгөн.



