Коом
Бүгүн кечинде Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бүгүн, 16-декабрда саат 19.00дө Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү кечки саат алтыдан иш-чара аяктаганга чейин жабык болот.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгынды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.



