Коом
Ак-Жар конушунда ууруну кармап, электр мамыга байлап коюшкан

Аламүдүн районунда үй ээси уурулук кылган кылмышкерди кармады, деп билдирет Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан.
Милициянын маалыматы боюнча, 6-мартта Ак-Жар жаңы конушунда үйдүн ээси үйүнө ууруга кирген кылмышкерди кармап, милиция кызматкерлери келгенче качып кетпесин деп электр мамыга байлап койгон.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин («Уурдоо») негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү 1990-жылы туулган, мурда соттолгон М.Э болуп чыкты жана анын башка ушул сыяктуу уурулук фактыларына да катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.



