Коом
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери Баатыр энелерди куттукташты — ФОТО

Бүгүн, 8-март Эл аралык аялдар күнүнө карата Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери, милициянын көчмө кабылдамалары менен Баатыр энелер жашаган даректерге барышып, аларды жаз мезгилинин алгачкы майрамы менен куттукташууда.
Милиция кызматкерлери, эркектер менен бирге өз өмүрлөрүн татаал кесипке арнап кетишкен өздөрүнүн кесиптеш ардагер аялдарды да унутта калтырышкан жок. Алар, бүгүн ардактуу эс алууда болушса да, кызмат өтөп жатышкан милиция кызматкерлерине укук тартибин сактоодо жакындан жакын жардамдарын берип келишүүдө.
Милиция кызматкерлери куттуктап келген бардык майрам ээлерине бекем ден-соолук, узун өмүр жана бакубат турмуш каалап кетишти.







