Коом

ИИМ: Бишкекте психотроптук зат менен жаран кармалды — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 2022-жылдын май айында эркиндигинен ажыратуу жайларына кара куурай тобунун баңги каражаттарынын ири партиясын жеткирүү менен алектенген баңги топтору тууралуу маалымат алышкан. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2022-жылдын 26-майында атайын тергөө амалдарын жүргүзүүдө Бишкек шаарында 1984-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон Д.К. аттуу жаран кармалды.

Жеке тинтүүү жүргүзүүдө анын сырткы белгилери боюнча жаңы психоактивдүү затка окшош, жалпы салмагы 8 гр болгон ак порошок заты бар эки желим баштык табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын маалыматы боюнча алынган зат психотроптук зат болуп аныкталган.

Ал эми, кармалган жаран Чүй облусунун Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button