Коом
Бишкекте мас айдоочу жолдо оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчуну өлтүрө сүзүп алган

Бишкекте мас айдоочу жолдо оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан жумушчуну өлтүрө сүзүп алган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-октябрда саат 01:55тер чамасында 20 жаштагы И.Б. аттуу айдоочу мас абалында “Мазда-Демио” унаасы менен Горький жана Айдаралиев көчөлөрүнүн кесилишинен адамды сүзүп кеткен.
Ал жолдогу оңдоп-түзөө иштерин көрсөтүп турган жол белгилерин карабай ошол жерде иштеп жаткан “Аргын-Курулуш” ишканасынын 27 жаштагы Т.Ы. аттуу кызматкерин сүзүп алган.
Жол кырсыгынын натыйжасында Т.Ы. ошол жерде көз жумган.
Унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу тергөө кызматына жеткирилген.
Тийиштүү соттук-медициналык, автотехникалык экспертизалар дайындалып,тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



