Коом

“Тарых улутка кызмат кылат”. Кыяс Молдокасымов президентке ыраазычылык билдирди

Кытай архивдеринен 2019-жылы табылган кыргыз элинин байыркы тарыхына таандык документтер байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кыргыз тилине которулат. Бул үчүн президент Садыр Жапаровдун фондунан 13 млн сом бөлүнмөй болду. Аталган каражат тарыхчы Кыяс Молдокасымов жетектеген “Мурас” фондунун эсебине которулат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган архивдик материалдарды изилдөө үчүн каражат жоктугун айткан “Мурас” фондунун төрагасы, тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн 15 жыл мурда тиккен багын сата тургандыгын билдирген.

Тарыхчы УТРКга бирген маегинде Кытайдан табылган 10 миң бетке жакын архивдик документтерди котортуп алып келиш мамлекеттин милдети болчу дейт.

«Төрт жыл күттүм, улам-улам кат жазып аракет кылдым, бирок тилекке каршы каражат бөлүнгөн жок. Аягында өзүмдүн багымды сатып, каражаттын бир бөлүгүн толук ошол жумушка жумшоону туура көрдүм. Бак үй-бүлөмө кызмат кылса, тарых улутка кызмат кылат. Кардарлар келип, бакты сатып алам дегендер чыккан. Бул маалымат президентке жетип, өздүк фондунан каражат бөлүп бере турган болду», — дейт тарыхчы.

Ал билдиргендей, президент бөлгөн каражат Кытайдагы архивдик материалды которгон атайын топко которулат.

«Мен бул каражатты 2023-жылга эле сурадым, себеби, бул жетпей калышы мүмкүн. Быйыл ушул ишти баштасак толугу менен канча каражат керектиги билинет. Биз 30 млн сомдун тегерегинде болорун болжолдоп жатабыз. Президент буга чейин тарыхчыларга архивдик материалдарды изилдегенге жардам берем деген. Мына өздүк фондунан каражат бөлүп, иш башталганы турат. Башталган иш ортодо калбайт, ал аягына чыгат. Ар бир которулган материал менен коомчулукту, президентти тааныштырып турабыз. Борбордук Азияда кыргыздардыкындай бай, карт тарых жок», — деген Кыяс Молдокасымов президентке терең ыраазычылык билдирип, алдыда дагы кыргыздын байыркы тарыхына байланышкан булактарды издей турган иштер көп экендигин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button