Коом

Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталганын айтып чыкты

Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталганын айтып чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак РИИБге 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын болжол менен сентябрь айынын аягында үйүндө атасы 1980-жылы туулган зордуктап салганын билдирген.

Бул факты Сузак РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Окуяга шектүү катары Сузак районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button