Коом

Экс-министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси акталды

Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова соттун чечими менен акталды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров жазды.

Анын айтымында, мындай чечимди Жети-Өгүз райондук соту чыгарган. «Ошондой эле соттун өкүмү менен ҮМБнын Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы башкы дарыгери Бейшекан Жайлымышева толугу менен акталып, реабилитацияланды», — деп жазды юрист. 

УКМК 17-майда Бишкекте министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси, 1993-жылы туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button