Окуялар
Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектелген жаран Казакстанга качууга аракет кылган

Чүйдүн Кара-Балта шаарында адам өлтүрүүгө шектелген жаран Казакстанга качууга аракет кылган. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-апрелде саат 22:40тар чамасында милицияга Кара-Балта шаарында жайгашкан “Алладин” кафесинде 27 жаштагы Ж.Ж.И аттуу жарандын киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын негизинде 5-апрелде болжол менен саат 03:00дө Кыргызстан менен Казакстан чек арасындагы “Чалдабар” өткөрүү постунун алдынан кылмышка шектүү жаран кармалган.
Шектүү Сокулук районунун 32 жаштагы А. уулу Б. аттуу тургуну болуп чыкты, ал тергөө бөлүмүнө жеткирилди.



