Коом

Кадамжайда участкалык милиция баңгизат колдонуп жаткан кишини кармады

Кадамжай РИИБдин Айрыбаз айылдык милиция бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүсү өзү тейлеген аймакта коомдук тартипти көзөмөлдөп жүрүп, ээн талаада аталган аймактын тургундары 53 жаштагы А.Р. менен 43 жаштагы М.М. спирт ичимдигин ичип отурганын байкап, жанына келгенде алар баңгизат колдонуп жаткандыгын баамдап, ал жерге ыкчам тергөө тобу барып, колдонулуп жаткан жана А.Р. өзү жашаган үйүнө сактап жүргөн жалпы салмагы аз өлчөмдү түзгөн баңгизатка окшош затты акт түзүп алышкан.
Бул маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алынган затка тиешелүү экспертиза дайындалган.
Экспертизанынын корутундусунда бул зат “марихуана” экендиги аныкталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button