ВИДЕО: Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери өрттөнүп баштаган унааны өчүрүштү

Ысык-Көл областтык Ички иштер башкармалыгынын туристтик — экологиялык милициянын кызматкерлери, милициянын улук лейтенанттары Д. Исаев, Т. Өмүралиев, Т. Маратов жана Ишенбек уулу Адилет кызматтары боюнча Жети-Өгүз районуна сапар алып бара жатышкан.
Кызыл — Суу айылынан өтүп бара жатышканда, карама-каршы келе жаткан «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгүнөн түтүн чыгып жатканын байкап калышат. Ошол замат окуя жөнүндө райондук милициянын нөөмөт бөлүгүнө кабарлап, өздөрү болсо өрттү өчүрүүгө аракет көрө башташат.
Өрт чыкканын байкабаган автоунаанын айдоочусун токтотуп, өздөрүн кызматтык автоунаасынан өрт өчүрүү каражаттарды алышып, өрттүн жайылышына аракет көрүшүп, өрттү толук өчүрүүгө жетишет.
Өрт чыккан автоунаанын айдоочусуна жана жүргүнчүлөрүнө эч кандай коркунуч жок экенине ынанган милиция кызматкерлери өздөрүнүн кызмат орундарына жөнөп кетишкен.


