«Элдин башын айлантпасын!» Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын жалган отчетуна жамааты нааразычылыгын билдирди

Кечээ, 18-апрелде Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде 2022-жылдын баяндамасын жасаган. Анда ал депутаттардын берген суроолорго чындыкка дал келбеген цифраларды айтып, жалган жооптор менен кутулуп кетиптир. Кыскасы депутаттардын кулагына “кесмелерди илип” кырдаалдан чыгыптыр. Депутаттар анын айтканын текшермек беле, аа ушундай экен деп калышты да. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери анын айткан жооптору чындыкка дал келбесин фактылар менен жазып, кайрылышты.
Текстти өзгөртүүсүз беребиз.
АЧЫК КАТ!
2023-жылдын 18-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) 2022-жылга карата баяндамасын кароодо, Атыр Абдрахматова тарабынан чындыкка дал келбеген маалыматтар берилди.
Бул кадамы менен комитеттин төрагасын, мүчөлөрүн, ошондой эле жыйынга катышкан мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдарын алдоого аракети, эң негизгиси, Атыр айым көз боёмочулук кылып, карапайым элдин ишенимине кирем деген үмүт менен жалган айтканы өтө ыплас көрүнүш.
Тактап айтканда, А.Абдрахматова бүгүнкү күндө Акыйкатчы аппаратында 19 бош ваканттык орун бар экенин билдирди. Чындыгында, азыркы күндө Акыйкатчы аппаратында 24 толукталбаган бош кызмат оруну бар, бул жалпы кызматкерлердин 30% түзөт, буга чейин мындан да көп болгон.
Мындан сырткары, А.Абдрахматова Ош областына караштуу Ноокен районуна эки жолу иш сапар менен барып, жергиликтүү тургундарды жеке кабыл алдым — деген маалыматы да чындыкка дал келбейт, себеби ал Ноокенде болгон эмес жана эмне себептен жалган кадамдары менен баарыбызды алдоого алектенип жаткандыгы чоң суроону жаратты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Кожокулованын суроосуна А.Абдрахматова зомбулукка кабылган аялдардын укугун коргоо боюнча 4 көңүл буруу актыларын жеке өзү жиберген деп жалган маалымат берген. Тилекке каршы, бул маселе боюнча 1 гана көңүл буруу актысы жөнөтүлгөн.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынын текшерүүсүнө ылайык, А.Абдрахматова билдиргендей, анын ишмердүүлүгү эки жолу текшерилип, эч кандай мыйзам бузуулар табылган эмес деди, бул дагы жалган маалымат.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 2022-жылдын июнь айында А.Абдрахматова тарабынан мурда ээлеген кызматынан бошотулган аппараттын кызматкерлеринин арызы боюнча жарандардын кайрылууларынын мөөнөттөрүн кароо бөлүгүндө текшерүү жүргүзүлгөн. Ал эми, учурда эмгектенип жаткан жамааттын арызы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу эч кандай расмий корутунду чыга элек.
Мындан сырткары, дагы кайсы 6 текшерүү иштери жөнүндө сөз кылгандыгы бизге түшүнүксүз! Азырынча чыга элек корутундуну негиз кылып Аппараттын кызматкерлерин каралаганына ким жооп берет?
Бүгүнкү күнгө чейин «Акыйкатчы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна эмне үчүн киргизиле электиги боюнча берген маалыматы жөн гана шылтоо. Анткени, формалдуу түрдө БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын өкүлдөрү тарабынан тийиштүү сунуштар буга чейин берилген. Мындан сырткары, негизинен Акыйкатчы мыйзам долбоорун эл аралык уюмдар менен макулдашууга милдеттүү эмес, ошол эле учурда карапайым калк бул мыйзамга абдан муктаж болуп турган кез, анткени өз укуктарынын сакталышына өбөлгө түзөт беле деген ниеттери бар эле, аны менен катар Конституциянын талаптары аткарылбай жатат, бул тууралуу биз Кыргыз Республикасынын Төрагасына жана депутаттарына 37 адамдын колу коюлган кат менен кайрылганбыз.
Белгилей кетсек, көңүл буруу актылары Акыйкатчынын ишмердүүлүгүндө көрсөткүчү болуп саналат жана А.Абдрахматова чабал ишмердүүлүгүн ар кандай жалган маалымат айтып, ар кимди адаштырууга аракет кылганын көңүл буруу актылары боюнча берген маалыматынан байкасак болот. Сандан сапатка өттүм дейин деди эле, көрсө сапаты дагы жок, анткени өз билемдик чар жайыт ишинен улам Акыйкатчы менен бирдиктүү иш алып бара турган мамлекеттик орган калбай баратат.
Салыштыруу максатында:
Эгерде, өткөн жылга салыштырмалуу, көңүл буруу актылары дээрлик эки эсеге кыскарды жана бул актылардын аткарылышы иш жүзүндө өтө төмөн көрсөткүчкө чейин төмөндөдү!
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) тарабынан мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузган укук бузууларды жоюу же кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу зарылчылыгы боюнча 115 көӊүл буруу актысы жөнөтүлгөн. 2021-жылга карата жооп берүү актыларын кароо боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөткөн:
Мурунку Акыйкатчынын жоопторунун жалпы санынын жарымына жакыны (50%) оң чечимге алып келди жана аларда камтылган талаптар канааттандырылды (бузулган укуктар калыбына келтирилди жана/же адамдар жоопкерчиликке тартылды).
Мисалы алсак:
— Жер коррупциясына байланышкан укук бузуулар боюнча, Акыйкатчынын тиешелүү кайрылуусунан кийин Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүндө жер тилкеси боюнча бузуу фактыларын текшерүү үчүн Ведомстволор аралык атайын комиссия түзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, комиссия тарабынан бир нече укук бузууларды аныктады.
— «Ош шаарынын мэриясы тарабынан турак жай укуктарын бузуулар жөнүндө»;
— «Жарандарды жашы жеткендиги боюнча пенсиянын тиешелүү өлчөмүнөн ажыратуу жөнүндө»;
— «Жазык сот өндүрүшүнүн алкагында жасалган укук бузуулар жөнүндө».
Жогорудагы мыйзам бузуулардын баардыгы Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин кийлигишүүсүнөн кийин гана жоюлду.
2022-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишмердүүлүгүнүн мезгилинде А.Абдрахматова тарабынан мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына укук бузууларды четтетүү же адамдын жана жарандын укуктарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу зарылчылыгы, жөнүндө 46 көӊүл буруу актысы жөнөтүлгөн. Анын ичинен, 41% оң жака чечилген. Башкача айтканда, 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 2022-жылы Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнүн реалдуу активдүүлүгү дээрлик 2,5 эсеге кыскарган.
2021-жылы чара көрүү актыларынын натыйжасында, 57 укук бузуулар калыбына келтирилсе, ал эми, 2022-жылкы көрсөткүч болгону 18 гана мыйзам бузуулар калыбына келтирилген! Демек, А.Абдрахматова канчалык эффективдүү иштеп жаткандыгы тууралуу ушул жерден жыйынтык чыгарсак болот.
Белгилей кетсек, 2021-2022-жылы Акыйкатчы институтунун кызматкерлери дээрлик жарым жыл бою Акыйкатчысыз өз алдынча иштегендиги белгилей кетүү зарыл.
Дагы бир чындыкка дал келбеген Атыр айымдын маалыматы – бул жөн гана популистик убадаларды жылдык баяндамага киргизгени, анткени ойуна келгенди айтып салып аны ишке ашыруу жолдорун өзү билбейт, ошондон улам чабал иш бүгүнкү күндө дагы эле уланып келүүдө, анткени сөздү ишке ашыруу бул дагы көптөгөн эмгекти талап кылат эмеспи — жамааттык ынтымак, биргелешип иштөө аркылуу гана ишке ашырылат, дагы жалган сөзү анын шайланып келгендеги дээрлик бардык убадаларын аткардым деп төш какканы, иш жүзүндө деги эле аткарылган эмес, эгер аткарса жыйынтыгы кана?
Жылдык баяндамада көрсөтүлгөн аракеттер бул аппараттын күнүмдүк ишмердүүлүгү гана, эч кандай көзгө басаарлык иш алып барылган жок, бир- эки долбоор болсо болгондур, бирок алар дагы кызматкерлердин демилгеси менен болуп келди.
Мактанаарлык бир гана жагы бар, ал жөн гана Атыр Абдрахматованы жарнамалоо (жеке пиар) менен алектенгени….
Жогорудагы белгиленген А.Абдрахматова тарабынан чындыкка дал келбеген маалыматтарды, ошондой эле, өзүнүн эмгек жамаатын (Айтмакчыга жылдык баяндаманы даярдап бергенине карабастан) каралоосу, коомчулукту эле эмес, жада калса Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарын, мамлекеттик органдарды да туура эмес жолго салууга аракеттенип, өз кызыкчылыгы үчүн алдап аларды да адаштыруу максаттарынын бири экендигин ачык-айкын көрсөттү.
Терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы
институтунун жалпы жамааты



