ВИДЕО: Ысык-Көлдө экологиялык милиция балыкчылар менен профилактикалык иштерди жүргүзүүдө

Ысык-Көл облустук ИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын негизги милдеттеринин бири болуп, көлдөгү коопсуздукту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин системалуу түрдө жүргүзүү. Мындай көрүлгөн иш аракеттер, өзүнүн жемишин бере баштады. Балыкчылар өздөрүнүн коопсуздугуна жана балык уулоо эрежелерин сактоого жоопкерчиликтүү мамиле кыла башташты.
Пристань-Пржевальск участогунда жүргүзүлгөн рейд учурунда олуттуу мыйзам бузуу фактылары аныкталган жок. Бирок туристтик-экологиялык милициянын инспекторлору балыкчыларга ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун мыйзамда белгиленген эрежелерин бузбоону, балык кармаган жерлерди булгабоону, таштандыларды өздөрү менен кошо алып кетүүнү, тыюу салынган жерлерде от жакпоону, жашыл бак-дарактарды кыйбоону жана көлдүн жанында унааларын жуубоону эскертишет. Ошондой эле көлдүн үстүндө өз коопсуздугун катуу сактоону эскертип кетишти.
Балыкчылар менен болгон барлашуу көрсөткөндөй, алар ар кандай кырсыктардан улам, өздөрүнө тиешелүү жыйынтыктарды чыгарышкан. Алардын айтымында, балык уулоого чыгуу үчүн, алар туруктуу аба ырайы орногондон кийин чечишкен. Сууда аралыкты сактоо менен майда топ-топ болуп, көлдүн үстүндө жүрүшөт жана текшерилген жолдор менен гана кайыктарын айдашат.
Анткен менен туристтик-экологиялык милициянын инспекторлору балыкчыларга көлдөгү кооптуу жерлер бар экенин, ошондой эле алардын колунда сөзсүз түрдө куткаруучу жилеттер жана жетиштүү каражат болушу керектигин дагы бир жолу эскертишти.





