Коом
Жумасына төрт жолу Бишкек-Каракол аба каттамы учууларын аткарат

Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкектен Караколго жумасына төрт жолу каттайт. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Каттамдар дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Билеттерди asmanairlines тиркемесинен жана компаниянын веб-сайтынан сатып алса болот.



