Саясат
Эдил Байсалов: “Адахан Мадумаровдо улутка болгон чыныгы жан тартуу жок!”

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Министрлер Кабинетинин толук курамын отставкага кетирүүнү сунуштаган. Ага чейин аталган фракция спикер Нурланбек Шакиевге ушул эле сунуш боюнча документ жолдогон.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасы аркылуу Мадумаровго жооп берди.
«Адахан Мадумаровдун милдети — кандай болсо да элдин биримдигин бузуу, кырдаалды туруксуздаштыруу, жашоонун ар кайсы тармактарында болуп жаткан өнүгүүлөрдү токтотуу. Анын планы аткарылбайт! Биздин эл анын калпын, максатын билип турат. Улутка болгон чыныгы жан тартуу анда жок!» — деп жазды.



