Коом

Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, ЖРТ төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт:

I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда — Жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө (22-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Каттого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19, 22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button