Дүйнө

Юморист Евгений Петросян реанимацияга түшкөнү маалым болду

Евгений Петросяндын ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат тараган. 4-майда белгилүү болгондой, юморист тиш имплантын орноткондон кийин оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Бул тууралуу СтарХит жазды.

Азыр 77 жаштагы Петросян дарыгерлердин көзөмөлүндө, анын өмүрүнө эч нерсе коркунуч туудурбайт. «27-апрелде тиш доктурга эндоссеоздук имплант орнотуу үчүн барган – ал жаак сөөгүнө имплантацияланган. Процедурадан кийин ылдыйкы жаагындагы жарааттан тынымсыз кан агып жатканына даттана баштаган. Бир нече күндөн кийин Евгений Вагановичтин абалы начарлап кеткен – баш айлануу, чыйрыгуу, көкүрөктөгү дискомфорт жана жүрөк айлануу пайда болгон», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button