Коом

Жалал-Абадда 14 жаштагы мектеп окуучусу бычакталды

Жалал-Абад шаардагы № 8 орто мектептин короосунда эки окуучунун ортосунда жаңжал чыгып, 14 жаштагы бала бычактан жараат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Окуя кечээ 12:00 чамасында катталган. № 1 орто мектептин 9-классынын окуучусу эч себепсиз сол бутуна учтуу нерсе менен сайып жиберген.

Натыйжада жабырлануучу Х.Г. Жалал-Абад облустук балдар клиникасына кайрылып, жардам алгандан кийин үйүнө жиберилген.

Маалыматта белгиленгендей, жараат алган баланын ата-энеси эч кимге доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан баш тартышкан. Анын себеби өз ара келишип алуу деп кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button