Коом
15 күндөн бери дайынсыз. Сокулук районунда 13 жаштагы Айсезим Арзыматова изделүүдө

Сокулук районунда 13 жаштагы дайынсыз жоголгон Арзыматова Айсезим Данияровна изделүүдө.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кыздын туугандары милицияга кайрылып, 2010-жылы туулган Арзыматова Айсезим Данияровнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Ал 2023-жылдын 26-апрелинде Ново-Павловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 160-165 см, көздөрү кара, чачы далысына чейин кара, арык чырай, ак жүздүү.
Кийимдери: кара-күрөң түстөгү свитер, классикалык кара шым, бутунда ак кроссовка.
«Жогорудагы Арзыматовой Айсезим Данияровнаны көргөн-билгендер төмөндөгү телефон номерлер аркылуу билдирип коюңуздарды өтүнөбүз: 03134 5-33-80, 0558 86-14-86»,- деп айтылат маалыматта.



