Коом

ТИМ Пакистанга баруудан баш тартууну сунуштады

Пакистандагы ички саясий кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Пакистанга баруудан баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

Ошол эле учурда Пакистанда жүргөн жарандарга өлкөдөгү кырдаал толук турукташканга чейин коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталат. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, соңку окуялардын натыйжасында жабыркаган Кыргыз жарандары тууралуу маалымат түшкөн эмес. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button