Коом
Бишкекте балдар арасында вирус күчөдү. Шаардагы балдар ооруканасына кечээ эле 350 бала түшкөн
Бөбөктөрдүн эти ысып, жөтөлүп, мурдунан суу акканын №3 Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди. Адис бала тумоолоп калса үйдө кармабай дароо бейтапканага алып барууга чакырды. Анткени оору өтүшүп кетип пневмонияга айланып кеткен учурлар бар.
Бирок дарыгер бул көрүнүштү эпидемия деп атоого болбостугун, кырдаал аба ырайынын тез-тезден өзгөрүүсүнө байланыштуу экенин айтты.



