Дүйнө

Азербайжан учак кырсыгында каза болгондордун насыяларын кечти

Азербайжандын банктары жана банктык эмес кредиттик уюмдары Актауда AZAL авиакомпаниясынын жүргүнчү учагынын кыйрашынан каза болгон жарандардын кредиттик милдеттенмелерин кечүүнү чечти. Бул тууралуу Oxu.Az жазды. 

Азербайжан банктар ассоциациясынын биргелешкен билдирүүсүнө караганда, мындай чечим каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө тилектештик катары кабыл алынган. Авиакырсыктан каза болгондордун насыялык милдеттенмелери банктардын жана банктык эмес кредиттик уюмдардын өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button