Коом

Бишкектеги санитардык полигонго тосмолорду орнотуу боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Бишкек шаарынын санитардык полигонунун айланасына бетон тосмолорду орнотуу боюнча тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныкташты.


2022-жылдын январь айынын аягында «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасы бетон тосмолорун орнотуу боюнча кызматтарды сатып алууга сынак жарыялаган. Сынак мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.
Санитардык полигондун айланасына бетон тосмолорун орнотууга Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 22 320 000 сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Сынакка катышуу үчүн эки компания арыз берген. Андан «АБК Голд» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. 2022-жылдын декабрында «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын жетекчиси жеңүүчү компания менен келишим түзгөн. Ошондон бери таштанды таштоочу жайдын айланасына тосмо орнотуу иштери башталган. Келишимге ылайык, ишти бүтүрүү мөөнөтү иш башталган күндөн тартып 60 календарлык күндү түзөт.
Бирок, келишим боюнча иш толук бүтүрө элек болгондуктан тараптар кабыл алуу актысына кол коюша элек.
«Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары тарабынан сметалык документтер берилген эмес. Мындан тышкары, подрядчынын эсебине акчаны бир аз аткарылган иш үчүн эмес, бир эле учурда бардык бөлүнгөн сумманы которуп коюшкан. Бирок аткарылган иштин сапаты талаптарга такыр жооп бербейт. Подрядчы жаңы эмес, курулуш материалдарын (тосмолорду) колдонгон.
Ошентип, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 22 миллион 324 миң сомдон ашык зыян келтирген.
Топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери жүрүп жатат

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button