Коом

Кыргызстанда балык чарбасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө

Кыргызстанда балык чарбасын туруктуу өнүктүрүү, аквакультураны кеңейтүү жана тармакка инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, балык жана балык продукциясын идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча комплекстүү система этап-этабы менен киргизилүүдө. Бул система балыктын жашоо циклин толук камтып, икрадан тартып даяр продукцияга чейин көз салууга мүмкүндүк берет.

«Бүгүнкү күндө камылгаларга жана жумурткалардын, чабактардын жана чоңдорунун кыймылына мониторинг уюштурулуп, балык продуктыларына байкоо жүргүзүү камсыздалып, балык чарбалары аныкталды. Маалыматтар Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө маалымат системасына киргизилди.

Министрликтин маалыматына караганда, 2026–2027-жылдары балык жана балык продукциясынын кыймылын толук көзөмөлдөөчү система ишке киргизилет. Ар бир модуль этап-этабы менен иштелип чыгып, сыноодон өткөрүлүп, пилоттук аймакта апробациялангандан кийин гана республика боюнча жайылтылат. Бул иштерди ветеринария, мал чарбачылыгын, жайыттарды жана тоюттарды өнүктүрүү кызматы жүргүзүүдө.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2026-жылга белгиленген. Ошондой эле кореялык тарап балыктарды топтук идентификациялоо модулун иштеп чыгуу боюнча сунушту расмий түрдө колдогонун билдирди. Аталган модуль балык продукциясынын да толук көзөмөлүн камтыйт.

Бул системаны киргизүү тармактын ачыктыгын жогорулатып, мыйзамсыз жүгүртүүнү кыскартууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана калкты сапаттуу, коопсуз балык азыктары менен камсыздоого өбөлгө түзөрү белгиленет.

Тектеш кабарлар

Back to top button