Коом

Ислам өнүктүрүү банкы саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөтөт

Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

ИӨБдүн өкүлдөрү банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы жаңы демилгелер тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Медербек Туманов саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт экенин баса белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоодо ИӨБ маанилүү роль ойнорун айтты.

Тараптар министрлик менен банктын жетекчилигинин ортосунда үзгүлтүксүз түз диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз ара аракеттенүүнүн мындай форматы келип чыккан маселелерди ыкчам чечүүгө, мындан аркы иш-аракеттерди макулдашууга жана кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button