Коом
Өлкөдө басылып чыккан 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыкты

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкө ичинде басылып чыккан улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы банкнотторун жүгүртүүгө чыгарды.
Бүгүндөн тарта накталай айлантууга кошулган жаңы акча каражаттарынын коргоо элементтери заманбап эл аралык стандарттарга толук жооп берет.
Улуттук банктан белгилешкендей, жаңы үлгүдөгү банкноттор жасалма акча жасоодон коргоочу көп баскычтуу заманбап элементтер менен жабдылган жана алар өлкө аймагында расмий төлөм каражаты катары чектөөсүз колдонулат. Мурда жүгүртүүдө жүргөн банкноттор да өзүнүн мыйзамдуу төлөм күчүн толук сактап калат.



