Коом

Улуттук банк Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата күмүш коллекциялык монетасын чыгарды

«Тарыхый окуялар» сериясындагы «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл»  күмүш монетанын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоону чагылдырган 100 саны, алдында ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн. 

Арткы бетинде гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргызстандын герби жайгашкан. Монетанын номиналы — 10 сом. 

Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 4 820 сомдон сатылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button