Окуялар

Баткенде 3 кабаттуу соода борбору күйүп кетти

Күн мурун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында жайгашкан 3 кабаттуу «Ак-Сарай» соода борбору күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат болжол менен 21:00дө түшүп, аны өчүрүүгө саат 21:10дон тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 22:40да чектөөгө алынып, түнкү саат 12:10дө толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button