Коом

Караколдогу аэропортту куруп жаткан 3 жумушчуну металл конструкция басып калды

Алардын экөө (42 жана 45 жашта) каза болду. Үчүнчүсү (53 жашта) жамбаш сөөгү сынып, реанимацияга түштү. 

Кырсык 5-июнда болгон. Жергиликтүү тургундар жумуш учурунда коопсуздук эрежелери сакталбаганын айтып, президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Алар каза болгон жумушчулардын артында 7 бала жетим калганын айтып, адилеттүү иликтөө жүрүшүн талап кылышууда. 

Облус милициясы бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүп жатканын билдирди. 

Каракол шаарындагы аэропорттун жаңы терминалынын курулушу өткөн жылдын май айында башталган. Аны быйыл пайдаланууга берүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button