Коом
Акысыз юридикалык кеңеш, Рузахуновдун концерти. Бишкекте зомбулукка каршы маалыматтык кампания өтөт

Бишкекте «Зомбулукка каршы биригели» аттуу маалыматтык-агартуучулук кампания өтөт.
Уюштуруучулардын билдирүүсүнө караганда, иш-чара ушул жылдын 9-июнунда саат 16:00дөн 20:00гө чейинки аралыкта Эмен багында (Курманжан датканын эстелигинин жанында) өтмөкчү.
Саамалыктын алкагында өтчү иш-чаралардын программасы:
- Йога, шахмат жана сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар;
- Кызыктуу тематикалык иш-чаралар;
- ШКИД жаштар театрынын оюну;
- Джаз музыканты Викрама Рузахуновдун чакан кайрымдуулук концерти;
- Коомдук активисттердин жана кайрымдуулук фонддордун өндүргөн продукциясынын жарманкеси;
- Акысыз юридикалык кеп-кеңеш.
Иш-чарага катышуу акысыз.

Кампанияны Кыйноолорго каршы коалициясы жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору уюштурууда.



