Окуялар
УКМК: Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү 100 миң пара менен кармалды — ФОТО

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалды.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Башкы прокуратурасы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын имаратында прокуратуранын улук тергөөчүсү А.А.К. 100 000 сом пара талап кылып, алып жаткан жеринен кармалды. А.А.К. өзү тергеп жаткан О.Э.га карата Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунда каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылган.
Учурда тергөө иштери уланууда деп айтылат аталган мекеменин басма сөз кызматынан.






