Коом
Бишкекте жарнама орнотулган мамы жолго кулады

Бишкекте Курманжан Датка жана Уркуя Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде жарнама орнотулган темир мамы жолго кулап түштү.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, учурда жерине ижарачы жөнөп кетти.
“Биз жакынкы учурда себебин тактап, билдиребиз”, — деп белгилешти муниципалитеттен.
Белгиленгендей, жарнама мамылары дайыма текшерүүдөн өтүп турат, эмне себептен кулаганы белгисиз.



