Коом

Нөшөрлүү жамгыр. Алайдын Терек айылында сел жүрүп, электр мамычасын агызып кетти

Алай районунда кечээ, 21-июнда саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Белекбаев айыл аймагына караштуу Терек айылында сел суулары жүргөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Терек айылында 1 үйдүн ичине, 4 үйдүн короо-сарайларына сел суулары кирип, кум-шагылга толтурган. Ал эми Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолдун 7 чакырым аралыгында сел калдыктары жолду жаап каттам үзүлгөн. Мындан сырткары 1 электр мамысын сел агызып кеткен, бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Жолдун бир тараптуу ачылганы маалым болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button