Коом

УКМК: “Йакын-Инкардын” мүчөлөрү экстремисттик идеологиядан баш тартып, балдарына медицинага жана светтик билим алууга макулдук беришти — ВИДЕО

2023-жылдын 26-майында КР УКМК тарабынан КР аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымынын мүчөлөрү: 1977-жылы туулган А.Т.М., 1987-ж.т. Ж.К.Т., жана 1993-жылы туулган И.М.К. кармалган. Аталган адамдар мурда Жалал-Абад шаарында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик медициналык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептерге барууга тоскоолдук кылышкан.


КР УКМКнын тергөө абагында кармоо учурунда экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча кармалгандар менен тиешелүү түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Натыйжада, алар өздөрүнүн ишинин туура эместигин түшүнүшүп, “Йакын-Инкар” ДЭУдан эл алдында баш тартышты. Кийинчерээк КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте кармалгандардын үй-бүлөлөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында жашы жете элек балдар поликлиникага каттоого алынып, балдарга жаңы окуу жылынан баштап мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер алынды.

https://youtu.be/M128gFS7yeg


Учурда КР УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик агымдардын жана уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер улантылууда, — деп билдирди УКМКнын басма сөз борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button