Коом
Бүгүн Каракол шаарында 50дөй боз үй тигилди

Аймакта Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелери өтүп жатат. Ал «Улут баскан улуу жол» аттуу фестиваль менен башталды.
Муну менен катар К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында кыргыз-казак акындарынын айтышы өтүүдө. Шаардын борбордук скверинде манасчылар манас айтып жатышат.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдагандай, иш-чара 2-июлга чейин уланып, сынактардын жыйынтыгы чыгарылып жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылат.




