Коом
Кыргызстанда инфляция ылдамдады

Баалардын жогорулашына электр энергиясынын тарифинин өсүшү себеп болгон. Май айында инфляция 11,3% ылдамдаса, апрелде 10,7% болчу.
«Бул электр энергиясынын тарифинин жогорулашына байланыштуу болууда. Анын арты менен майда кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы 12,1 пайызга (апрелде 10,3 % болчу) өстү. Мындан тышкары, азык-түлүккө кирбеген товарлар 12,9 пайызга жогорулады (апрелде 11% болчу)«, — деп айтылат ЕАӨБдүн жылдык маалыматында.



